Ош. "Сулайман-Тоо" Улуттук музей-комплексинин аймагынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" Улуттук музей-комплексинин аймагындагы мазардан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысы Нурлан Ташманбетов билдирди.

"Бүгүн эртең менен саат 10:15 чамасында "Сулайман-Тоодогу" мазардын күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө биздин кызматкерлер тартылып, учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалыматка ылайык, мазардагы куурап калган чөптөр өрттөнүп кеткен. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дейт Ташманбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Usow
2016-08-19 14:24:31
www. Молодец
0
kumuz
2016-08-19 14:28:58
Ошол эле калды эле орттонбогон. Музейдин ичинда орттоп жибергиле
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан