Ильяз Абдыразаков Кытайдагы кыргыздар менен казактарга концерт койду

Ильяз Абдыразаков Кытайдын Кулжа аймагында кыргыздар менен казактарга концерт койду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 19-августта билдирди.

"Кулжа аймагы Казакстан менен чектешет. Ал жакта көбүнчө кыргыздар менен казактар жашашат экен. Алгач кытайлык бийчинин жеке концертине катышууга баргам. Концертте мени конокко чакырган бийчи өз өнөрүн тартуулады. Ошондой эле биз менен катар жергиликтүү ырчылар дагы ырдап, элдин маанайын көтөрүштү. Күйөрмандардын саны 1300дөй болду дешти, алар мени жакшы кабыл алышты. Бул концерттен кийин дагы сунуш түшүп, түнкү клубдардын биринде кыргыздарга концерт бердим", - дейт Абдыразаков.

Бул сапарда ырчы көптөгөн адамдар менен таанышып, жакын досторду тапканын кошумчалады.

"Кыргыздар менен тааныштык, кээ бири менен дос болдук. Кызыктуу жерлерге барып, кытай ашканасынан тамактандык. Ачуу тамактардан жеп алып ашказаным ооруду", - деп күлдү ырчы.

"Дүкөндөргө киргенде же дагы башка жактарга барганда кыргыздар жок болсо, кытайлар менен жаңсап сүйлөшүп жаттык. Алар орус тилин колдонушпагандыктан түшүнүшпөйт экен, кээде өзүбүзчө орус тилинде сүйлөшүп алып жаттык", - деп тамашалады Ильяз Абдыразаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bahira
2016-08-19 16:14:40
Бечара таланттуу бирок эч эле звезда болуп имиджин таба албай койдуда ХХХ ХХХ ХХХ Нурлан Насип деле арык кичине бирок жакшы кийинетго а
-3
koshterek
2016-08-19 16:53:01
Bahira,kim iliaz bechara bolup kaldyby iliazdai yrchy jok kiyimi ozuno jarashat ozubuzdun kiyimibizge bir karap koiolu e jazardan aldyn zvezda kiyimde emes talantynda iliaz supersin iygilik
+2
bom.bon
2016-08-19 18:59:55
koshterek,жонокойлук адамдын эн жогорку сапаты деп кой.
+2
Mercedes_94
2016-08-19 17:42:59
Ийгилик азаматсыз
+1
Uragan07
2016-08-19 18:26:49
Окул атасы менен барган окшойт. Айбакы ака го
0
Sema87
2016-08-20 01:33:31
Бахира:-Тоонун чокусуна эмне костюм шым кийип чыгыш керек беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан