Голливуддун актрисасы Эмбер Хёрд актёр Жонни Депп менен ажырашса, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргогон уюмдарга 7 миллион АКШ долларын кайрымдуулукка берет. Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги билдиргенин "РИА Новости" бүгүн, 19-августта жазып чыкты.
"Биздин мамилелер кумардуу болгону менен, кээде тынчы жок болчу, бирок ар дайым сүйүүгө толуп турчу", - деп билдиришкен актёрлор. Ажырашып жаткан түгөйлөр келишим түзүштү. Келишимде Хёрд ага тиешелүү каражаттын бир нече бөлүгүн кайрымдуулукка жумшай турганы жазылган.
Алар 2010-жылы "Ром күндөлүгү" ("Ромовый дневник") тасмасы тартылып жатканда таанышып, өткөн жылы февраль айында үйлөнүшкөн. Ушул жылы май айында Хёрд келишпестиктерден улам Депп менен ажыраша турганын айткан. Андан соң актрисанын жактоочулары Жонни Депп уруш маалдарында Эмбер Хёрдго кол көтөрүп жүргөнүн жарыялашкан.