Жалал-Абад жана Нарын облусунун тургундарынан мыйзамсыз сакталган эки ок атуучу курал алынды

Жалал-Абад жана Нарын облусунун тургундарынан мыйзамсыз сакталган эки ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ок атуучу куралдардын бири Тогуз-Торо районунун 46 жаштагы Р.К. аттуу тургунунан алынган. Анда ИЖ-27 куралына тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Ал эми экинчи ок атуучу курал Ат-Башы районунун 53 жаштагы К.М. аттуу тургунунан алынган. Учурда ок атуучу куралдар аймактык милиция башкармалыгынын тергөө бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан