МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кыялымдан кетпес" деген ырымдын клибиндеги бала тоту кушту өлтүрө албай жаман болгон" дейт Алихан
"Медиа-порталда" ырчы Алиханды өлкөгө тааныткан "Кыялымдан кетпес" деген ырынын клиби орун алган. Клипте азиз баланын махабаты жана таш боор адамзатынын кылыгы көрсөтүлөт.
Алихан клиптеги актёрлор кастинг аркылуу алынганын, клиптин идеясы, сюжети ошол кездеги продюсери Канат Култаевге таандык экенин айтты.
"Мен клиптин тартылышына көп катышкан эмесмин, 2-3 эпизодунда эле бармын. Клип 3-4 күндө тартылган. Ага эки тоту куш сатып алганбыз. Бирөөсүн өлтүрөбүз деп, учуруп жиберишкен. Экинчисин актёр "Кантип өлтүрөм?.." деп жатып, акыры өлтүрүп, жаман болгон. Аны өлтүргөн бала ырчы Аида Кулуеванын иниси болот", - деди Алихан.
Клипти көрүү үчүн шилтеме.
Ошондой эле ырчы жаңы ыр жаздырганын, ага жакынкы арада Казакстанда клип тарттырарын кошумчалады.