Эл аралык мелдеште "Дордойдун" футболчулары "Роверс" командасын утуп, 3 упай алышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында өлкөнүн футбол боюнча вице-чемпиону "Дордой" футболдук клубунун катышуусунда эл аралык мелдеш старт алды. Азиянын футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда "дордойчулар" Гуамдын "Роверс" командасы менен кез келишти.

Беттештин алгачкы таймында "Дордойдун" оюнчулары демилгени колго алып, топту өз карамагында көбүрөөк кармашты. Атаандаштын оюнчулары каршы чабуул аракетин көрүп жатышты. Канчалык аракеттер болбосун, алгачкы таймда эсеп ачылган жок. Буга командалардын коргонууга ыктап, "жабык футбол" ойногону себеп болду.

Экинчи таймда майданга чыккан Азиз Сыдыковго карата эреже бузулуп, талаа ээлери 64-мүнөттө айып соккусун тебүү укугуна ээ болушту. Айып соккусун таамай багыттаган Анатолий Власичев эсепти ачып, командасын алдыга чыгарды. Атаандаш коргонууга ыктап, каршы чабуулга маал-маалы менен чыгууну улантты. Экинчи гол көпкө күттүргөн жок. 88-мүнөттө Алмаз Мирзалиевге карата эреже бузуу катталып, беттеш калысы 11 метрлик айып соккусун дайындады. Топту ишенимдүү түрдө чекитке алып келген Анатолий Власичев оюндагы экинчи голду жаратып, атаандаштын шаабайын суутту.

81-мүнөттө каршылаштардын ийгиликтүү чабуулунан кийин оң жак бурчка багытталган топту тосуп алган дарбазачы Валерий Кашубанын мыкты болгонун белгилей кеткенибиз оң.

Маалымат үчүн: Бул тандоо турунун "А" тайпасындагы мелдеш. 3 команданын ичинен 1 команда гана кийинки турга чыгат. Жобого ылайык, командалар бир айлампа ойноп чыгышмакчы.

"А" тайпасындагы командалар: "Роверс" (Гуам), "Дордой" (Кыргыз Республикасы), "Каса Бенфика" (Макао)

Бардык оюндарга 17:30да старт берилет:

"Роверс" (Гуам) - "Дордой" (Кыргыз Республикасы) - 0:2

Голдор: А.Власичев (64-мүнөттө), А.Власичев (88-мүнөттө)

21-август. "Каса Бенфика" (Макао) - "Роверс" (Гуам)

23-август. "Дордой" (Кыргыз Республикасы) - "Каса Бенфика" (Макао)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sara07
2016-08-19 22:11:36
Азаматтар десе ! Алга !
+3
Turdakun85
2016-08-19 23:17:59
Мыкты оюун көргөзүштү дордойчулар оюунун көрүп ыраазы болдум буюурса АФК анын кубогуна барып ийгилик жаратышат деп толук ишенем
+1
realmadrid32
2016-08-20 01:45:18
тузук
0
malikovich
2016-08-20 02:12:15
algaaa! orkundogun kyrgyz futbolu.
+1
baltabai
2016-08-20 02:16:40
Ийгилик
+1
tyrgon
2016-08-20 03:09:23
Кара кыздын агынан эмес багынан дегендей тиги кара куйобаланар да журотго
-1
shamkol
2016-08-20 07:54:27
Оюн кайда отуптур? 23-август кайда отот? Маалымат берип койсонуздар?
0
Turdakun85
2016-08-20 09:37:04
shamkol,Дордойдо болот советский күрөңкеева дагы футбол талаасында
0
maks13
2016-08-20 14:46:18
Азаматар кийинки оюнда даны женгиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан