"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын 20-августка карата көрсөткүчүндө алдынкы ондуктагы командалар өзгөргөн жок. Американын спортчулары медалдарынын санын 105ке жеткирип, "Лондон-2012" Олимпиадасындагы көрсөткүчүнөн ашып түшүштү. Анда америкалыктар жалпы 103 медаль (46 алтын, 28 күмүш, 29 коло) утушкан эле.
Тажикстан өз тарыхында алгачкы жолу Олимпиаданын алтын медалын тагынды. Бул окуя Дильшод Назаровдун ысымы менен байланышты. Ал токмокту (молот) алыстыкка ыргытууда жеңишке жетишти.
207 мамлекеттин ичинен 83 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты.
1. АКШ - 105 медаль (38 алтын, 35 күмүш, 32 коло)
2. Улуу Британия – 60 медаль (24 алтын, 22 күмүш, 14 коло)
3. Кытай – 65 медаль (22 алтын, 18 күмүш, 25 коло)
4. Германия - 35 медаль (14 алтын, 8 күмүш, 13 коло)
5. Орусия – 48 медаль (13 алтын, 16 күмүш, 19 коло)
6. Япония – 41 медаль (12 алтын, 8 күмүш, 21 коло)
7. Франция - 37 медаль (9 алтын, 14 күмүш, 14 коло)
8. Австралия – 29 медаль (8 алтын, 11 күмүш, 10 коло)
9. Италия - 25 медаль (8 алтын, 11 күмүш, 6 коло)
10. Голландия - 18 медаль (8 алтын, 6 күмүш, 4 коло)
15. Бразилия – 15 медаль (5 алтын, 5 күмүш, 5 коло)
20. Казакстан – 17 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 9 коло)
31. Өзбекстан - 8 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 5 коло)