Бишкекте эки уурулук фактысына шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы К.А. кайрылган. Анда ал Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан мечиттен белгисиз жаран 3 миӊ сом салынган сумкасын уурдап кеткенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы дагы бир уурулук фактысына шектелген шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.