Рио-2016: Балбаныбыз Айаал Лазарев алгачкы беттешинде утулуп, медаль үчүн кармаштан четтеп калды

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында бүгүн, 20-августта эркин күрөш боюнча 86 жана 125 килограмм салмактык бөлүктөрдө медаль ойнотулууда. 125 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз Айаал Лазарев алгачкы беттешинде утулуп калды.

Ал мелдештин жарым чейрек финалдык баскычында польшалык спортчу Роберт Баран менен кез келди. 3 мүнөттөн турган алгачкы бөлүктө балбаныбыз 1 упай алып, эсеп катыштыгында алдыда болду. Экинчи бөлүктө Айаал Лазаревге эскертүү берилип, калыс 30 секунда аралыгында упай алууну буйруду. Бул аралыкта спортчубуз упай ала албагандыктан, 1 упай атаандашына ыйгарылды. Андан соң Баран чабуулга өтүп, мекендешибиз аны оодарып кетүү аракетин көрдү. Бул аракетинен майнап чыкпай, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү ийгиликтүү ишке ашырган атаандашы 4 упай алды. Жыйынтыгында 5:1 эсебинде уткан Роберт Баран чейрек финалга чыкты.

Р.Баран финалга чыкса, А.Лазарев коло медаль үчүн кармашты улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Бирок польшалык спортчу чейрек финалда америкалык балбан Тервел Длагневге утулду. Жыйынтыгында балбаныбыз мелдештен четтеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (59)
tea23
2016-08-20 21:35:02
Накта кыргыз Учун куйгон кара кучко толгон тоодо чонойуп кучко толгон бироону тапкыла срочно токиого пособие толоп атып даярдагыла. Кучтуу тамак берип баккыла. Депуттаттарга тологон айлыкты спортко кетиргиде. Депутаттар курсак салып семиртп атат пайдасы жок.
Арсен менен айсулууга айлык берип даярдагыла ошолордон чыгат пайда.
+3
badboy1111
2016-08-20 21:37:17
бирда атака кылбады ХХХ неге бардын деймда, намыс менен кучтонуп утса болотле...
+5
Ali-han
2016-08-20 22:40:49
badboy1111,Походу сатылып кетсе керек
0
admin_portal
2016-08-22 15:10:57
badboy1111, этика нормаларын сактаңыз!
0
tea23
2016-08-20 21:38:59
Кыргыздар ата бабаларыбыздан эле курошуп келген. Кыргыздардан 2-3 эле жонотупсунор тообо легкая атлетикага караганда курощ менен дзюдого таэквондо бокско ишенгиле ошондон алышыбыз мумкун. Каяктагы плавание легкая атлетика кылбастан. Биздин канда бар курош.
+4
shirinai
2016-08-20 21:46:04
Женилди деген созго тан калбай деле кслдык го .
+4
shirinai
2016-08-20 21:49:14
Женилди деген созго тан калбай деле калдык го .
+3
Beko87
2016-08-20 21:58:08
Бизге революция,ушак,коро албастык,деген ойундар болсо ошондо алтын утмакпыз))))
+6
Serenada
2016-08-20 22:16:29
Кыргыздын туусун бийике которо турган 2эле жол бар спорт жана маданият ошол эки эле жолго конул бурсак жагдайыбыз мындай болмок эмес чиновниктер азырак жеп спортко кобурок акча бөлсө кызыл байрак жогорудан көрунмөк беле чиркин!!!
+1
ali1995
2016-08-20 22:28:26
бешенебизге эшек тепкенго
+2
Ali-han
2016-08-20 22:38:47
ali1995,айрыкча Аайалдыкына
0
-NURIK-
2016-08-21 11:54:22
Ali-han, Айаал дебей эле ХХХ деп коюш керек .
0
admin_portal
2016-08-22 14:00:23
-NURIK-, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
Belek2070
2016-08-21 12:32:33
ali1995, Кыргыздар эшектин этин жеп, тээрисин сыйрый берип эшектин каргышы тийип бир да медалдан кур калып отурабыз. Иззатын медалын кайтарып берселе болделе.
0
Kuyoo_bala
2016-08-20 23:06:29
Митинг пикет коррупциядан алтын медал алабыз
+1
tohanur
2016-08-21 00:34:11
урматтуу тугандар олимпияда да саясатташып кетти.анан дагы курош лотерея болуп жатат. жоболорун озгортуш керек акыркы упай алган утуп кетип жатат.анык жениш болбой жатат. Негизи биздин баардык спортсмендерге рахмат айтам.эч ким ал жерге женилем д барбайт. бул жерде олтуруп алып ар нерсени жазган туура эмес
0
Palan4a
2016-08-21 01:39:17
Ушуларга кеткен кайран гана чыгым!!! Жок дегенде жол акыларын бири дагы актаган жок!!!…
Бири дагы эч нерсеге илешпеди, эми "дуйнолук кочмондор оюну" деле "авторитети" жок эле ото!…
+1
Jazi89
2016-08-21 06:00:25
Озубуздун кыргыздар уттпагандан кийин анан бизге Якут утуп береби эле .
-1
souza.j
2016-08-21 06:59:41
Ээ Эми Кайрат кылгыла, чондор да кичине намыстанып олтургандыр. Чын эле айылга конул буруш керек.атайын спорттук жайларды ачып,талапты коюш керек.кана Эми...
+1
nuridindosmatov
2016-08-21 09:32:07
Көчмөндөр оюнунда медальдар боюнча алдыда болобуз инншаллах!!!
0
jibew
2016-08-21 22:24:46
Кайран ушуларга корогон чыгым!!! Андан коро жардамга муктаж адамдарга жумшаса.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан