"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын аяктаарына өтө аз убакыт калды. Салтанаттуу иш-чара Бишкек сааты боюнча 22-августта 5:00дө башталмакчы (Бразилиянын сааты боюнча 21-августта 20:00дө). Анда 207 мамлекеттин спортчулары ачылыш аземиндегидей эле параддан өтүшөт. Өлкөбүздүн желегин көтөрүп чыгуу милдети балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбековага жүктөлдү. Ачылуу аземинде бул милдетти мушкер Эркин Адылбек уулу аркалаган эле.
Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына 6 спорт түрүнөн 19 спортчубуз катышуу үчүн аттанган. Алардын ичинен 16 спортчу байгеге илинбей калды. Коло медаль алган жалгыз спортчубуз Иззат Артыков "допинг колдонду" деген жүйө менен медалынан ажыратылды. Эми акыркы 2 спортчубуз күчүн сынамакчы.