"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын жыйынтыкталарына 1 гана күн калды. 21-августка карата көрсөткүчкө токтолсок, дагы да болсо Америка курамасы алдыда баратат. Америкалыктар менен алардын эң жакынкы атаандашы Улуу Британиянын ортосунда 50 медаль айырмачылык бар.
Алдынкы ондукка Түштүк Корея курамасы кайтып келди. Орусия 4-орунду ээлеп турат жана жалпы 86 мамлекеттин спортчулары медаль тагынышты.
1. АКШ - 116 медаль (43 алтын, 37 күмүш, 36 коло)
2. Улуу Британия – 66 медаль (27 алтын, 22 күмүш, 17 коло)
3. Кытай – 70 медаль (26 алтын, 18 күмүш, 26 коло)
4. Орусия – 53 медаль (17 алтын, 17 күмүш, 19 коло)
5. Германия - 41 медаль (17 алтын, 10 күмүш, 14 коло)
6. Япония – 41 медаль (12 алтын, 8 күмүш, 21 коло)
7. Франция - 40 медаль (9 алтын, 17 күмүш, 14 коло)
8. Түштүк Корея - 21 медаль (9 алтын,3 күмүш, 9 коло)
9. Австралия – 29 медаль (8 алтын, 11 күмүш, 10 коло)
10. Италия - 26 медаль (8 алтын, 11 күмүш, 7 коло)
14. Бразилия – 18 медаль (6 алтын, 6 күмүш, 5 коло)
21. Казакстан – 17 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 9 коло)
31. Өзбекстан - 9 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 5 коло)