Рио-2016: Неймар баштаган футболчулар Бразилияга алтын медаль утуп беришти

21-августка караган түнү "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Алтын медаль үчүн беттеште Бразилия курамасы Германия менен беттешип, пенальтилер сериясында утуп алды (5:4). Беттештин негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады.

Неймар беттештин 27-мүнөтүндө эсепти ачып, командасын эсеп катыштыгында алдыга алып чыкты.
2-таймда Германия олимпиадалык курамасы эсепти теңеди (Максимилиан Майер айырмаланды). 5:4 эсебинде аяктаган пенальтилер сериясында Неймар чечүүчү голду киргизди. Жыйынтыгында Бразилия олимпиадалык курамасы алтын медаль тагынды. Буга чейин бразилиялыктар тарыхта Олимпиаданын алтынын тагынып көрүшкөн эмес.

Коло медаль үчүн болгон беттеште Гондурас-Нигерия беттеши орун алып, 3:2 эсебинде нигериялыктар жеңип алышты.

Кошумчалай кетсек, үй ээси Бразилия ушуну менен Олимпиададагы 18-медалына ээ болду (6 алтын, 6 күмүш, 6 коло).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
expert.007
2016-08-21 09:46:43
Азаматтар акыры өчүңөрдү алыпсыңар.
-3
Topchubai
2016-08-21 10:27:36
expert.007,очту олимпиадада эмес,дуйнолук чемпионатта алса анан айт.
+13
Pankration_MMA
2016-08-21 15:21:23
Topchubai, Олконун курамасы болуп дуйнолук баскычка чыгып жаткандан оч алууга эсептелет.
-3
realmadrid32
2016-08-21 10:45:30
Германиянын катасы неге экинчи номер м-н ойноду тушунбодум Бразилиянын камаш керек эле
-2
JENTELMEN
2016-08-21 11:09:17
Неймар азамат!
+2
KaiMak
2016-08-21 11:20:32
Неймар тырнагын осуп кетиптир брат ))
-5
Pankration_MMA
2016-08-21 15:20:09
KaiMak, Бирок ичи таза экенда)))
+1
KaiMak
2016-08-21 11:22:58
Бул юрунда бугун тамашоу финал ХХХ чыгат :D
0
admin_portal
2016-08-22 14:02:42
KaiMak, курамы окшош сайттарды жарнамалоого тыюу салынат!
0
Komrad
2016-08-21 12:43:01
Командага бир медал береби же 10 медал береби?. Мисалы сууда сузгондорго 1 жана 2 местаны бир олко ала алат го.
0
Pankration_MMA
2016-08-21 15:19:38
Komrad, Ар бирине бирден медаль берет, бирок ошолор баары олимпиада эсеби боюнча бир алтын медалга журот. Мисалы Бразилиянын эсебинде 8 алтын болсо, эми 9 болду.
+1
USSRKG
2016-08-21 13:22:22
FCB оюнчуларыда чиркин Барса талкалайт
+1
Ali-han
2016-08-21 15:51:03
USSRKG,Реал
+1
mirlankojonov
2016-08-21 14:02:47
Неймар ты просто красавчик!!!!
+1
Ashygym
2016-08-21 14:13:36
Тушунбодум! Эмне учун Неймар ойноду? Ал улуттук курамда ойнош керек эле, бул жерде калыстык болбой калган. Менимче Неймар ойнобош керек болчу
0
Pankration_MMA
2016-08-21 15:08:53
Ashygym, Ар бир курам, белгилуу футбол жылдыздарынан максимум 2 ден оюнчу кошконго укуктуу, ошон учун 23 жашка чейинки жаштар курамасына Неймар кошулган, анын устуно алда 24 жашта быйыл.
Пы. Сы. Неймар олимпийский чемпион, молодец так держать.
+1
GertsaG
2016-08-21 16:30:06
Neymar jakpait ølø kuu tulku chertip koison yilap iyet))
0
sharolli
2016-08-22 09:12:53
Неймар эркек малоч
0
admin_portal
2016-08-22 12:09:27
Guli000, Ali-han, KaiMak, кайым айтышууларга купуя кат бар! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан