Эрежесиз мушташта ирландиялык Конор Макгрегор атаандашы Нейт Диасты "канга боёп", реванш алды

Ирландиялык спортчу Конор Макгрегор UFC 202 мелдешинин алкагында америкалык мушкер Нейт Диас менен кез келди. Экинчи ирет беттешип жаткан мушкерлер 5 раунд ичинде айыгышкан мушташ көрсөтүштү. Бул аралыкта америкалык мушкердин бети "канга боёлду". Жыйынтыгында 3 калыстын бири тең чыгуу каттаса, калган эки калыс жеңишти ирландиялык спортчуга ыйгарды.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, беттеш үчүн Макгрегорго 3 миллион доллар өлчөмүндөгү гонорар төлөндү. Ал эми Диас 2 миллион доллар алды.

Кошумчалай кетсек, мушкерлер алгачкы жолу ушул жылдын 5-мартында мушташышкан. Анда 2-раундда Диас атаандашын ыкма колдонуу менен 2-раундда жеңип алган.

28 жаштагы Конор 20 ирет 8 бурчтукка чыгып, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Калган 17 атаандашын нокаут менен утуп алган. Ал эми 31 жаштагы Диас 19 беттеште жеңүүчү аталып, 11 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Otkurbek
2016-08-21 16:40:53
Молодец Конор мага акча утуп берди) ставкага акча сайган элем
0
Tansuluu09
2016-08-21 17:02:32
Ужаско (
0
Tyga
2016-08-21 17:32:13
Шашпай тургула оконун ортосундагы согуш эми башталат,3 реванш сосуз болот мен женемин ошондо дагы женилип калсам Нэйт деген атымды очуром деди мени колдогондорго рахмат жана кечирим сураймын ©Нэйт Диаз
+3
Arsenal2
2016-08-21 17:46:51
Эмнеге Конор менен Хабиб Нурмагомедов экоо мушташпайт.
0
Melis2014
2016-08-21 18:59:21
Arsenal2,ал екоо мени женишсе анан бетешишет
+1
Taku.14.02
2016-08-21 19:22:14
Экоо эки башка вес болуп калган
0
zhusaliev89
2016-08-21 19:53:56
Экоо тен эле урушту бирок женишти Конорго берип коюшту
0
Koshaly
2016-08-21 20:16:28
эми Алдону канжалат
-1
Gulya21
2016-08-21 20:47:48
Конор эмес канкор десе дагы болчудай экен мушташканда ажыдаар боло калат экенда атаандашы душман болуп корунот экен
0
make2
2016-08-21 21:00:09
Ушундайларга ишенесиңерби? бул театрда сүйлөшүп алышатта булар, Бизденда бирөө акча төлөп амириканецти урду беле
0
Beko87
2016-08-21 21:43:38
Койо тур Конор монор.жакында кыргыз балдар барат сага.ошондо коросун!!!
0
Beko87
2016-08-21 21:50:25
Олимпиадага барган спортчулардан караганда эрежесиз уруштун жигитери молодец.бири болбосо бири тууду которуп)))ошо олимпиадага барган акчаны мушкерлерге бергенибизде Конор монорду жеп салмак)))
+2
souza.j
2016-08-21 22:10:24
Чыныгы карышкырлар.
-1
ALMAAAN
2016-08-22 04:35:35
Жакшы бой болду Конор молодес
-1
admin_portal
2016-08-22 12:00:54
ERCHOROEV, Otkurbek, Guli000, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
Aldyiar
2016-08-22 19:55:44
Конор жакшы мушташат бирок маймыл эле жинди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан