Магомед Мусаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында байгелүү орунга илинбей калды. Ал эркин күрөш боюнча кармаштарда 97 килограмм салмакта килемге чыгып, чейрек финалда украиналык Валерий Андрийцевге утулуп калган. Андрийцев финалга чыкса, биздин балбан коло үчүн кармашты улантмак. Бирок, тилекке каршы, ал жарым финалда азербайжандык Хетаг Газюмовго ири эсепте утулуп калды. Жыйынтыгында М.Мусаев да байгелүү орунга илине албай, Олимпиада менен коштошту.
Кошумчалай кетсек, Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге утулуп калды.
Ушуну менен Олимпиада оюндарында бир дагы балбаныбыз медаль тагынбай, мелдеш менен коштошту.