Кыргыз жеринен барган жеңил атлет Илья Тяпкин "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында марафондо чуркады. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта ал 155 спортчунун ичинен 86-орунду ээледи.
Олимпиада оюндарынын расмий сайты кабарлагандай, спортчу бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды. Бул көрсөткүчү менен ал чемпион болгон спортчудан 14 мүнөт 35 секунда артта калган.
Алтын медалды кениялык Элиуд Кепчоге (2 саат 8 мүнөт 44 секунда) багындырды.