"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы расмий түрдө жабылып, желек Токиого өткөрүлүп берилди

Рио-де-Жанейро шаарындагы "Маракана" стадионунда бүгүн, 22-августта XXXI Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий жабылуу аземи орун алды. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах оюндарды жабык деп жарыялады.

"Эсте калган 16 күндөн кийин "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасын жабык деп жарыялайм. Салттуу түрдө дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаштарды 4 жылдан кийин Токиодо чогулуп, кийинки Олимпиада оюндарын мыкты өткөрүүгө чакырам", - деди Бах.

Жабылуу аземинде 3 миң ыктыярчы басып өттү. Ошондой эле спорттук делегациялардын парады орун алды. Кыргыз Республикасынын желегин балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыкты. Эл аралык Олимпиада комитетинин желеги кийинки Олимпиаданы уюштура турган Токио шаарына өткөрүлүп берилди.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына 5-августта старт берилген. Жалпысынан 206 мамлекеттен 11 миңден ашык спортчу катышып, 28 спорт түрүнөн 306 комплект медаль ойнотулду. Кыргыз спортчуларынан Иззат Артыков гана байгеге илинген. Кийин допинг чырына байланыштуу анын көрсөткүчү жокко чыгарылды. Калган спортчуларыбыз канчалык аракеттенишпесин, байгелүү орунга илинбей калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
BlackMan
2016-08-22 08:48:32
Кыргыз спортчуларына Токиодо ийгилик
+4
mahoni1980kg
2016-08-22 09:13:57
главная не победа а участие болуп калды.
-1
Azizbek.kalenov
2016-08-22 09:25:28
Алга Кыргызстан...
0
Syper.kelin4ek
2016-08-22 09:59:50
Мен тан каламда, жанагы Канатбек Бегалиев, Даняр Кобонув дегендер, бирден медаль алып алышып эле,эмнеге тренер болуп алышкан, андан кору оздору катышышса может ийгилик биз тарапка жылмаят беле? Алар тренер болгонго али эрте деп ойлойм, ошолорду козомолдогон адам болсо кана. Бразилияда аябай бут тосуп атышты, аны айтпаса деле кыргыз элим коруп турду. Биздин спортчулар силерге ийгилик,2020 жылы буюрса медаль аласынар капалана бербегиле, булда болсо Кудайдын буйругу.
+5
Jazi89
2016-08-22 10:44:40
Syper.kelin4ek,
Тан калбай эле кой алтын медаль алып
дуйно чемпиону болгондон кийин
Экинчи Жолу катышкандын кереги жок
алар дуйно чемпиону болуп сакталып калат
аа Эгер Экинчи Жолу катышып утулуп
калса чемпион болгону очот ,ошого
тренер болуп иштеген жакшы .
0
gordaya
2016-08-22 10:55:35
Syper.kelin4ek,Данияр Кобонов орун алган эмес болуш керек.
0
jigit.paren
2016-08-22 12:22:33
Данияр Көбөнов Азия олимпиадасында алтын алган
0
sabyr86
2016-08-22 13:48:51
Жабылбаса ачык тура берсин,калыссыз өткөн олимпиада.
+1
syimykkk
2016-08-22 14:52:42
мен олимпияданы москвада болсо керек деп ойлогомун
себеби 2014 дуйно футболу бразилияда оттуго анан 2016 рио до отту 2018 дуйно футболу россияда болот анан 2020 олимпиядада москвада болсо керек
0
RIO2016
2016-08-22 16:31:03
syimykkk, футбол менен олимпиаданын бири бирине тиешеси жок
0
M89
2016-08-22 17:13:23
РИО2016 ккубанычтуу да кайгылуу да болду. Ооба медаль уткан өлкө үчүн жакшы дечи. Бирок калыстык болбой калган учурлар көп эле болду деп уктум. Алар эми ТОКИОго барышабы? Эгер Токиодо ушундай катачылыктар кетсе, анда спорт мен үчүн өлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан