Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Газиантеп шаарындагы үйлөнүү тойдогу жардыруудан 51 адам каза болду. Бул тууралуу "Рейтер" басылмасы жазып чыкты.
Жардыруу 20-августта болгон. Жардыруудан кийин жергиликтүү полиция кызматкерлери жан кечтинин курунун калдыктарын табышканын "Франс-Пресс" агенттиги шаардык прокуратурага шилтеме берүү менен жазып чыккан. Өлкөнүн президентинин айтымында, терактты "Ислам мамлекети" уюштурган болушу мүмкүн. Ошондой эле Режеп Эрдоган жан кечти 12-14 жаштагы бала экенин кошумчалаган.
"Бул жардыруу эң оор болду. Учурда ооруканада ар кандай жаракаттар менен 86 адам жатат", - деген президент.
Күбөлөрдүн айтымында, каза болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар жана алардын арасында 3 айлык наристе да болгон.
"Жарылуу тойдун акырында коноктор бийлеп жатышканда болду. Ар тарапта кан, дене мүчөлөрү жатты..." - деген 25 жаштагы Вели Кан.
"Биз мындай кандуу окуялардын токтошун каалайбыз! Аялдарыбызды жана балдарыбызды жоготконубуз биз үчүн оор болуп жатат", - дейт жергиликтүү тургун Ибрагим Өздемир.
Азырынча террордук топтордун бири дагы жардырууну моюнуна ала элек.