Кыргыз жараны “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен кармалды

Кыргыз жараны “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган Б.А. аттуу жаран 21-август күнү чек арачылар тарабынан кармалган. Ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салынгандыктан, башка адамдын паспорту менен коңшу Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылган. Ошондой эле ал андан ары Орусияга барууну көздөгөнү белгилүү болду.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, аталган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан