Спорттук арбитраждык сот (CAS) Кыргыз Республикасынын Олимпиада комитетинин Иззат Артыковго байланыштуу чууга карата апелляциялык арызын караган жок. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Буга чейин Спорт агенттиги КРнын Оор атлетика федерациясы Эл аралык спорт арбитраждык сотунун чечимине каршы ушул эле сотко апелляциялык арыз даярдап жатканын билдирген. Агенттик жана Олимпиада комитети тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлөрү да айтылган.
Кошумчалай кетсек, Иззат Артыков 69 килограмм салмакта коло медаль тагынган. 18-августта анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, медаль колумбиялык спортчу Луис Москереге берилмей болгон.