SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жонни Депптин кызы "Бийчи" тасмасында алгачкы ролун жаратты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella). Аталган тасмада белгилүү бийчи Айседора Дункандын образын актёр Жонни Депптин кызы Лили-Роуз жаратты. Бул Лили-Роуздун тасма талаасындагы алгачкы чоң ролу десек болот.
Белгилей кетсек, Айседора Дункан XX кылымдагы атактуу орус акыны Сергей Есениндин жубайы болгон. Ал АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулуп, 1927-жылы 14-сентябрда 50 жашында көз жумган.
Тасмада 19-кылымдын акыры, 20-кылымдын башындагы америкалык актриса, бийчи, модерн бийинин негиздөөчүсү Лиу Фуллер жана анын башкы атаандашы, бийчи, "эркин бий" жанрынын түзүүчүсү Айседора Дункан менен болгон татаал мамилеси тууралуу баяндалат. Тасманы ноябрь айында дүйнөлүк экрандарга чыгаруу пландалууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.