Америка Кошмо Штаттарында "Backstreet Boys" жана "NSync" топторунун негиздөөчүсү Лу Перлман 62 жашында абактан каза болду. Бул тууралуу "Los Angeles Times" гезити жазып чыкты.
Перлман Техас штатындагы Тексарканадагы түзөтүү абагында каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби расмий түрдө айтыла элек. Перлманга көмүскө бүтүмдөрдү түзүп, акчанын изин жашыруу боюнча айып коюлуп, 2008-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Андан сырткары ал ири каржы пирамидасын түзүп, артынан 300 миллион доллар карыз калтырган деп да айыпталган.
Анын карьерасы 1993-жылы "Backstreet Boys" тобун түзгөн соң ийгиликтүү боло баштаган. Белгилей кетсек, топтун алгачкы альбому 130 миллион экземплярда сатылган.