Бишкек-Торугарт жолунда жеңил унаа жолдон чыгып кетип, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-август күнү саат 22:13 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында болгон. Анда BMW-X5 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, ичиндеги 5 адамдын экөө каза таап, үч адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгондорду унаадан чыгаруу иштерин жүргүзүшкөн.