Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты

Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 21-август күнү таңкы саат 06:30 чамасында Ош-Баткен унаа жолунун 72-чакырымында болгон.

Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Корона үлгүсүндөгү 2 унаа сүзүшкөн. Натыйжада экинчи унаадагы 1 адам каза таап, 3 адам жабыркаган. Ал эми Мерседес Спринтер унаасындагы бир адам жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, биринчи унаада кыпчылып калган адамды чыгарышкан”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
argen.kg4
2016-08-22 13:00:17
Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
modern-group
2016-08-22 18:50:16
ноокаттан марказ айылына чейинки жолду окмот ондосо ушундай болмок эмес. страшно просто !!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан