Түркиянын Газиантеп шаарындагы жардыруудан каза тапкандардын саны 53кө жетти, алардын 20дан ашыгы жаш балдар

Түркиянын Газиантеп шаарындагы үйлөнүү тойдогу жардыруудан каза тапкандардын саны 53кө жетти. Алардын 20дан ашыгы 14 жашка чыга элек жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Ал эми жардыруудан жабыркагандардын саны 86га жеткени кабарланууда. Азырынча террордук топтордун бири да окуя тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.

Үйлөнүп жаткан эки жаш анча оор эмес жаракат алышкан. Ооруканадан чыккан эки жаштын бири “биздин ак тойду кан майданга айлантышты” деп журналисттердин суроосуна жооп берген. Алар Сиирт шаарындагы Күрд жумушчулар партиясы менен түрк күч кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуулардан улам Газиантепке келишкен.

Айта кетсек, жардыруу 20-август күнү үйлөнүү той болуп жаткан учурда болгон. Ал эми өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган жан кечти 12-14 жаштагы бала экенин жана окуяга “Ислам мамлекети” деп аталган топтун тиешеси бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан