"TENGRI music" фестивалынын алкагында Бишкекте ачык асман алдында классикалык музыка жаңырат. 22-августта уюштуруучулардын билдиришинче, эртең кечки саат 17:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" багында германиялык скрипкачы Эмилио Перцан, АКШдан тенор Гэрри Дэвислим, сопрано Жамиля Раимбекова, дирижёр Медет Осмонов баш болгон өнөр ээлери чыгармачылыгын тартуулашат. Классикалык музыканы жайылтуу максатында өтүп жаткан кечеде президенттик “Манас” оркестри менен мэриянын симфониялык оркестри катышат.