"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында байге ала албай, жеңилүү ызасын тарткан көп спортчулардын көз жашы кургай элек. Биз баягы таз кейпибизди кийип, кайрадан медалсыз калдык. Бул Олимпиада спортчулар жана машыктыруучулар үчүн гана эмес, бийликтегилер үчүн дагы чоң сабак болушу керек. Себеби спорт күн санап токтоосуз өнүгүп жатат жана акыл токтотуп, спортту өнүктүрүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынбаса, көп нерсе өзгөрүүсүз кала берет.
"Рио-2016" Олимпиадасы аяктаган соң "Оюндар бизге кандай сабактарды бериши керек?" деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрдүк.
1-сабак. ЖАЛАҢ БАЙГЕ АЛА ТУРГАН СПОРТЧУЛАРДЫ ЖӨНӨТҮҮ...
Олимпиада - бул спорттун кайсы өлкөдө кандай өнүгүп жатканын аныктай турган аянт. Бардык мамлекеттер анда байге алуу аракетин көрүшөт, анткени ар бир медаль өлкөдө спорттун жайылуусуна шарт түзүп, жаштарды шыктандырат. Андыктан бул жаатта мыкты мамлекеттик саясат болуш керек. Олимпиадага жалаң күчтүү спортчуларды жөнөтүү - биз ала турган биринчи сабак. Марафонго чуркап, 60-орунду, 80-орунду ээлеген спортчунун көрсөткүчү жаштарыбызды шыктандырары шек жаратат. Жаштар спорт дегенде жеңишти, байгелүү орундарды элестетиши керек. Бизде калыптанып калган "катышуунун өзү жеңиш" деген ойдон кайтышыбыз керек.
P.S. Кыргыз спортчуларынын ичинен эң начар көрсөткүчтү Илья Тяпкин көрсөттү. Ал 155 спортчунун ичинен 86-орунду ээледи.
2-сабак. ЧУКУЛ КЫРДААЛДАРГА ДАЯР БОЛУУ...
"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль уткан Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры спорт тармагы боюнча жооптуу мамлекеттик мекемелерибиздин чукул кырдаалга даяр эмес экенин көрсөттү. 12-августта спортчунун допинг колдонгону аныкталып, биздин өлкөнүн өкүлдөрүнө маалымдалган. 18-августта медаль жокко чыгарылды. 19-августта гана Спорт агенттигинин жетекчилиги маалымат берип, изилдөө үчүн комиссия түзүлөрүн жана Спорттук арбитраждык сотко арыз берилерин жар салышты. Бушайман болгон элдин да суроолоруна шашпай жооп кайтарылды. Кайтарылчу жооп деле "Каныбек" романындай узун эмес болчу.
Биринчи жолу мындай кырдаалга туш болуп жаткандыктан, көпчүлүк же медалдан биротоло үмүт үзөрүн, же кайтарыларын билбей турат. Бирок дагы да болсо үмүтүбүз үзүлө элек. Албетте, ар бир коштошуу аянычтуу, өкүнүчтүү болот. Ал эми алтынга тете жалгыз коло медаль менен коштошуунун күйүтүн көптөр сезип көрүштү...
P.S. Иззат Артыковдун чеберчилигинен, мыктылыгынан эч качан шек санаган эмеспиз, санаган жокпуз жана санабайбыз. Маселенин оң жагына чечилеринен үмүт кылган калың топтун ичиндебиз.
3-сабак. КАЛЫСТЫ КОШО УТУУ...
Олимпиада оюндары - тынчтыктын, тилектештиктин, улуттар аралык достуктун символу. Бирок кандай гана мелдеш болбосун, калыстардын катачылыгына орун берилет. Бул жолу да балбаныбыз Арсен Эралиевдин, Айсулуу Тыныбекованын кармашында калыстардын калыстыгы шек жаратты. Андыктан бул көрүнүштөн да жыйынтык чыгаруу абзел (көбүнчө машыктыруучулар менен спортчуларга тиешелүү).
Атактуу шотландиялык футбол адиси Алекс Фергюсон айткандай, жеңиш үчүн атаандашты гана эмес, калысты кошо жеңе билүү керек. Биздин спортчуларга калысты кошо жеңүүгө аз гана болсо да ийгилик жетпей калды.
4-сабак. ӨЗГӨЛӨРДҮ КОЮП, ӨЗҮБҮЗДҮН ТАЛАНТТАРГА КӨҢҮЛ БУРУУ...
Өз өлкөсүндө баркы жок же багы ачылбаган, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алган спортчуларды "легионер" дейт. Мисалы, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына аттанган 19 спортчубуздун үчөө легионерлер эле. Орусиянын курамына кирерине көзү жетпеген балбандар Магомед Мусаев менен Айаал Лазарев көптөн бери биздин атыбыздан чыгат. Ал эми дзюдочу Отар Бестаев былтыр гана жарандыгын алмаштырган. Риодо Мусаев менен Бестаев чейрек финалда утулса, Айаал Лазарев жарым чейрек финалда утулду.
Машыктыруучулар улуттук курамды бекитүүдө легионерлерди өлкө чемпиондугуна сөзсүз катыштырып жатышат. Алар утуп, эл аралык мелдештерге аттанып жатышат. Бул көрүнүш таланттуу жаштарыбыздын өсүүсүн токтотуп жаткандай. Легионерлердин көзүн карай бере турган болсок, жакын арада эркин күрөштөн мыкты балбандар чыкпайт. Легионерлерге атаандашып, кайсы бир салмак категориясынан мыктылар өсүп чыгат деген практика 10 жылдан бери (балким, андан көп) жыйынтык бере элек.
Казакстандын атынан Олимпиадага барган 15 легионердин бири кыргыз кызы Жылдыз Эшимова (жогорку сүрөттө). Ал 48 килограмм салмакта күрөшүп, 5-орунду алды (Айсулуу Тыныбекова сыяктуу эле). Аны көрүп бир чети сыймыктануу жаралса, бир чети ич күйөт. Бул көрүнүш боюнча чыгарылчу жыйынтык: өзүбүздүн мыктыларга да көңүл буруу абзел.
P.S. Казакстандын легионерлери 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль тагынышты.
5-сабак. КОҢШУ МАМЛЕКЕТТЕРДИ КАРАП ТҮЗДӨНҮҮ...
Иш жүрүшпөй жатса, албетте, учурдун талаптарын, коңшу мамлекеттер колдонуп жаткан ыкмаларды карап жыйынтык чыгарыш керек. Аларда бар таланттуу спортчулар бизде да бар. Болгону биз аларга караганда шарт түзүп берүү жагынан артта калып жаткандайбыз.
Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасы Олимпиада оюндарында бир убакта чогуу дебют кылган. Тажикстанды эске албаганда, берки эки коңшубуз бизди эбак эле бул жаатта артта калтырып, Олимпиадалардагы ийгиликтүү командалардын катарын толуктап келишет. Буга "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында катталган жыйынтык мисал болуп бере алат.
Өзбекстан - 13 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 7 коло)
Казакстан - 17 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 9 коло)
Тажикстан - 1 медаль (1 алтын)
Кыргыз Республикасы - 0 медаль
Олимпиадага жолдомо алгандарды санай келгенде эки колубуздун манжалары жетпей калат. А бирок жыйынтыктарды саноого келгенде манжаларды кыймылдатуунун кажети жок...
Өлкөбүздүн атынан спортчулар тарыхта 6-ирет Олимпиадага катышышты. Кайсы жылы канча спорт түрүнөн канча спортчу катышканы, канча медаль болгону төмөндө берилди.