Ошто 19 жаштагы кыздын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармалды

Ошто 19 жаштагы кыздын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармалганын 22-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-август күнү саат 15:00 чамасында Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан белгисиз айдоочу унаасы менен эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен 19 жаштагы Рахима Айылчы кызы каза таап, 42 жаштагы Саламат Аскаров жабыркаган. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган Р.А. кармалган. Анын мас абалда экени белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2016-08-23 09:21:23
muhsina, xnurgul_gul, кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү, сүрөтү укук коргоо органдарынын уруксаты менен жарыяланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан