Баткен облусунун Лейлек районунда оңдолуп жаткан жолдо ичимдик ташыган КамАЗ бүгүн саат 12:00 чамасында оодарылып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бүгүн саат 12:00 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Терек айылында жүк ташуучу КамАЗ жол кырсыгына кабылды. Ага Жалал-Абаддан ичимдик жүктөлгөн экен. 2-3 миллиондой сомго чыгымга учурады. Ичиндеги адамдар оор абалда Исфанага ооруканага жеткирилишти. Ак-Теректе жолду оңдоо иштери жүрүп жаткан. Сел жууп кеткен жолду 15 метр кылып казган, КамАЗ ошол жакка оодарылды", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.