
Чет элдик басылмалар Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында болуп өткөн Олимпиада оюндарында Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон, актёр Леонардо Ди Каприого окшош спортчуларды таап чыгышкан. Алар мелдеште көрсөткөн ийгиликтери менен эмес, жогоруда аты аталган белгилүүлөргө окшош болгондугу үчүн интернетте популярдуу болуп чыга келишкен.
24 жаштагы француз велоспортчусу Полин Ферран-Превону Кейт Миддлтонго окшош экендиги тууралуу бир нече чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Алардын окшоштугу сымбаттуу келбети, көздөрү, оозу, жана жүзүндөгү уячасында болгон.
Ал эми бир нече күн мурда таамай атууда Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган 27 жаштагы Брейди Эллисон атактуу актёр Леонардо-Ди Каприого окшош болгондугу үчүн бир саатта интернет жылдызына айланган. Колдонуучулар спортчу менен актёрдун сүрөттөрүнө түрдүү тамашалуу ой-пикирлерди калтырышкан.
"Дагы бир "Оскарды" айтпаганда, Ди Каприо расмий түрдө алтын алганы бара жатат", "Лео "Аткыч" тасмасында Брейди Эллисондун образын жаратууга даярданып жатат" деген интернет колдонуучулар жадакалса Леону тарыхта биринчи жолу "Оскарды" да, Олимпиада оюндарында медаль алган адам деп да эсептешүүдө.