20-августта Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында кулатуу эр таймаш боюнча сүйүүчүлөр арасында алгачкы Ачык чемпиондук жана "WEF SELECTION-4" XVI Эл аралык профессионалдык мелдеши өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Кулатуу эр таймаш федерациясынан билдиришти.
"Иш-чаранын алкагында "Кыргыз өлкөсү vs Өзбекстан" матчтык жолугушуусу болуп, 8:1 эсебинде Кыргыз Республикасынын спортчуларынын жеңиши менен аяктады. Ошондой эле мелдештин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Кулатуу эр таймаш WEF федерациясынын президенттигине Талант Мамытов дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан мелдешке 9 мушкер катышкан:
1. 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз мушкери Адилет Мамытов атаандашы Бехруз Саёровду муунтуу ыкмасы менен 2-раундда утуп алган.
2. 61 килограмм салмактагы өзбекстандык Шамил Алиманов Жалил уулу Абдрахманга каршы чыккан. Кыргыз мушкери 1-раундда нокаут менен жеңген.
3. 61 килограмм салмактагы өзбекстандык мушкер Атахан Эгамов кыргыз мушкери Улан Коңурбаев менен мушташып, 3-раундда утулган.
4. 61 килограмм салмакта өзбек мушкери Максат Юнусов Заирбек уулу Дастан аттуу кыргыз мушкерине туш келген. Калыстар жеңишти кыргыз мушкерине беришкен.
5. 71 килограмм салмактагы Өзбекстандын мушкери Бабур Курбанов Абдыбайт уулу Бекмаматка туш келип, кыргыз мушкери 1-раундда утулуп калган.
6. 77 килограмм салмактагы өзбек мушкери Санжар Эргешов Сейдиев Орозбек менен чыгып, нокаут менен жеңилген.
7. 71 килограмм салмактагы Феруз Юсупов кыргыз мушкери Манас Сүйүнүчбеков менен мушташып, 2-раундда утулган.
8. 77 килограмм салмактагы өзбекстандык Фарух Фархатовду Ниязымбетов Улук 1-раундда нокаут менен уткан.
9. 84 килограмм салмактагы өзбек мушкери Митолиб Хожаев менен Абдысамат Киргизовдун күрөшүндө жеңиш кыргыз мушкерине ыйгарылган.