Тоң районунда жаап өткөн мөндүрдөн улам 253 гектар айдоо аянтындагы дан эгиндери зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мөндүр 20-21-22-август күндөрү аталган райондун Көл-Төр, Болот Мамбетов жана Ак-Терек айыл аймактарында жаап өткөн. Анын кесепетинен Көл-Төр айыл аймагы боюнча 177,80 гектар арпа, 58 гектар буудай, 0,50 гектар сулу, ал эми Болот Мамбетов айыл аймагы боюнча 11,30 гектар арпа, 80,44 гектар буудай жана Ак-Терек айыл аймагы боюнча 25 гектар арпа зыянга учураган. Алдын ала маалыматка караганда, жалпы келтирилген чыгым 2 миллион 527 миң сомду түзгөн.