Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү базарлардын биринен өрт чыкты. Анда базардын ичинде жайгашкан жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн кийим-кече сатуучу темир контейнердин ичиндеги товарлар күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.