Казакстанда террордук топтун мүчөлөрү кармалышты. Арасында кыргыз жарандары да бар

Казакстанда террордук топтун мүчөлөрү кармалышты. Арасында кыргыз жарандары да бар. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта казак маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

18-август күнү Алматы облусунда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан террордук топтун 4 мүчөсү кармалган. Алар “өлкө аймагында бир катар террордук актыларды жасоого аракет кылышкан” деп айыпталышууда.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, кармалгандар Казакстандын жана Кыргыз Республикасынын жарандары. Жашаган жеринен жардыргыч заттар, диний-экстремисттик материалдар табылган. Алар алгач Улуттук коопсуздук комитетинин, полициянын, аскер бөлүктөрүнүн имараттарын, андан соң калк көп топтолгон аймактарды жардырууну көздөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
leilek_suluktu
2016-08-23 10:56:19
Аллах
0
admin_portal
2016-08-23 15:27:07
chinara88, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан