Америкалык суучул, 23 жолку Олимпиада чемпиону Майкл Фелпс карьерасын жыйынтыктады. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, спортчу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы анын карьерасындагы акыркы мелдеш экенин белгилейт.
"Мен бассейнге бара жатып ыйлагым келип турду. Акыркы жолу эл алдына чыгып, өзүмдүн мыкты экенимди көрсөтөрүмдү эстедим. Чоң спорт менен коштошууну чечтим", - дейт спортчу.
Кошумчалай кетсек, Майкл Фелпс 4 ирет Олимпиада оюндарына катышкан. "Афины-2004" Олимпиадасында 6 алтын, 2 коло медаль тагынган. "Бээжин-2008" Олимпиадасында 8 алтын медаль тагынган. "Лондон-2012" Олимпиадасында 4 алтын, 2 күмүш медалды багындырган. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 6 алтын, 1 күмүш медаль утту. Олимпиаданын тарыхында мындай ийгиликтүү спортчу болгон эмес.