Борбордогу соода борборлорунун биринен кымбат баалуу уюлдук телефондорду уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбордогу соода борборлорунун биринен кымбат баалуу уюлдук телефондорду уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы А.Т. кайрылган. Ал 21-августтан 22-августка караган түнү соода борборлорунун биринен белгисиз адамдар 3 даана кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн рейддин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ж. у. К. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү ушул сыяктуу дагы бир нече уурулук фактысына шектелип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mambo-1984
2016-08-23 18:48:01
Кантип
0
Sharos3
2016-08-24 10:11:07
Чыпалактарын кесип салган закон бизде болсо жакшы болмок
0
Sharos3
2016-08-24 10:12:18
Ушу ууруларды ойлосон тукум калтырбай кырып салгын келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан