Ош шаардык милициясы спорт мектептеринин машыктыруучуларын тарбиялануучуларды катуу көзөмөлгө алууга чакырды

Ош шаардык милициясы спорт мектептеринин машыктыруучуларын тарбиялануучуларды катуу көзөмөлгө алууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошов Ош шаарындагы спорттук клубдардын машыктыруучулары менен жолугушуу өткөрүп, спорт мектептеринин тарбиялануучуларын катуу көзөмөлгө алуу керектигин белгилеген.

Айрым таза эмес саясатчылар максатына жетиш үчүн жаштарды жана спортчуларды колдонуп, акырында спорт мектептеринин балдары күнөөлүү болуп калган учурлар болгон. Бирок бул балдар өз өлкөсүнүн патриоттору болуш керек. Алган тажрыйбаларын жарандарды тоноп, карактап эмес, эл аралык мелдештерде көрсөтүшү абзел. Машыктыруучулар балдар үчүн жооптуу. Мындан улам тарбиялануучуларды катуу көзөмөлгө алуу зарыл”, - деди Кылыч Жолдошов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adilbars
2016-08-23 16:46:04
Мухамедумар спорт клубную эле тыйгыла ээси менее кошо! Ал саясатчы эмес, бирок чон фигура!
+1
adilbars
2016-08-23 16:46:36
Клубун!
0
gutler
2016-08-23 19:55:15
Жакында Ошто Курманжан кичик районунда топтолгон балдардын урушу болгон. Бул урушта Мухаммед Умар клубунун балдары куралчан журушту,кичи райондун топтолгон балдары таяк, арматура менен. Мухаммед Умардын балдарын Ким тыят? Алар Суйун Омурзаковко таянышып эч кимден коркушпайт.
+1
kemel81
2016-08-24 00:17:56
Суйун менен Сооронбайдын балдары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан