Нарын районунун Алыш айылында мектепке тиешелүү спортзалдын курулушундагы мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, курулуштун пайдубалына куюлган траншеялар эрежеге ылайык катмар-катмары менен тапталып көмүлбөстөн, топурак толтурулган. Ошондой эле пайдубалдын бетин битум менен каптоо талапка жооп бербейт, себеби битум нормадан аз. Ал эми кийим чечүүчү бөлмөдө коюлган кыш курулуш эрежесине дал келбейт.
“Текшерүү иштеринин алкагында аныкталган кемчиликтерди тез арада толуктап, пайдубалын бекемдөө үчүн, атайын жеринде инспекторлор тарабынан протокол, актылар түзүлдү. Курулуш иштерин долбоордо белгиленген нормаларга ылайык куруу боюнча мектеп жетекчилигине адистер тарабынан мөөнөт берилди”, - деп айтылат Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын маалыматында.