Түштүк Сахалиндеги атайын кармоочу жайда асынып алган кыргыз жаранынын аты-жөнү тактала элек

Түштүк Сахалиндеги атайын кармоочу жайда асынып алган кыргыз жаранынын аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова: “Тиешелүү органдарга кат жөнөтүлдү. Азырынча атайын кармоочу жайда асынып алган кыргыз жараны боюнча жооп келе элек”, - деди.

Ал эми айрым маалымат каражаттары асынып алган жарандын 1990-жылы туулган Э.А. экенин жана ал өзү жашаган батирге мас абалда терезесинен кирип жаткан учурда кармалганын жазышууда.

Айта кетсек, Түштүк Сахалиндеги административдик жазага тартылгандарды кармоочу атайын жайга кыргыз жараны алынып келинген. Кийин анын асынып алганы белгилүү болгон. Каза тапкан жарандын аты-жөнү жана Орусиянын аймагындагы укуктук абалы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
s9zen098
2016-08-23 16:37:49
Өсү асынганын, же башкалар асып койгонун бир кудай билет. Өзүбүздүн менттердин колуна түшчү болсон эмне кылат дагы, ошолор аяп коймок беле...
+1
Beko87
2016-08-23 16:40:57
Кайран боорум Кыргызстанга келип соолусан болмок(((
0
korul.alai001
2016-08-23 17:33:25
Кандай эле аты жону такталбай калат, эмне кочодон же каналдан табылыптырбы соогу, атайын кармалуучу жайда болуп жатат, ал жака Ф.О.И менен кабыл алышат, анан да соксоюп камера турат киргенде каалганын устундо, озу жалгыз эмес он же андан ашык адамды чогу камап коюшат, бул ишти тыкыр иликтеш керек....
+1
semo
2016-08-23 18:58:09
Жөн еле ешиктен кирбейби еми
0
zarlyk2211
2016-08-24 04:19:50
Жакшылап иликтеш керек бул ишти. Бирок биздин күч алсыз, чындыкты айтып чырылдап калышыбыз мүмкүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан