Казакстанда "террордук топтун мүчөсү" делип кармалган кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кармалган С.П. аттуу кыргыз жараны Ош облусунун Өзгөн районунда 1976-жылы туулган.
Айта кетсек, 18-август күнү Алматы облусунда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан террордук топтун 4 мүчөсү кармалган. Алардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, кармалгандардын жашаган жеринен жардыргыч заттар, диний-экстремисттик материалдар табылган. Алар алгач Улуттук коопсуздук комитетинин, полициянын, аскер бөлүктөрүнүн имараттарын, андан соң калк көп топтолгон аймактарды жардырууну көздөшкөн.