Сүйүүнүн кары-жашка карабастыгы ырчы, куудул Борончу Кудайбергеновдун "Кечиккен махабат" ырынын клибинде көрсөтүлөт. Анда жашы бир топко барып калган үй-бүлөлүү мырзанын жаш сулууга ашык болгону баяндалат.
Ырчы клипти тартуудагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу буларга токтолду:
"Досторум "бизди деле клиптериӊе тарпайсыӊбы" деп айтып калышчу, андыктан жогоруда аталган ырымдын клибине өзүмдүн жакын досторумду, тааныштарымды тарткам. Жаш кызды сүйүп калган кеңсе кызматкеринин образын досум жараткан. Кызыгы, досумдун жаш сулуу менен түшкөн сүрөтүн элестетип отуруп, өзүнө келсе сүрөттө аялы болуп калган жери бар эмеспи. Ошондогу аялды көчөдөн көрүп калып, "бир мүнөткө тартыла коюӊуз" деп шашылышта тартып койгонбуз. Клип тартылып бүткөндөн кийин досубузду "Ким менен сүрөткө түшүп жүрөсүӊ? Кантип эле тааныбаган аял менен сүрөткө түштүӊ?" деп бир топко чейин тамашалап жүргөнбүз".
Борончу Кудайбергеновдун "Кечиккен махабат" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.