Алдамчылык фактысы менен 43 жаштагы аял кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 14-август күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен Луговое айылынын 54 жаштагы тургуну А.А. кайрылган. Арыздануучунун айтымында, 2014-жылы Мадина аттуу аял менен тааныш болуп, ал аял арыз ээсинин ишенимине кирип, 2014-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып, аны документтештирип берем деп, өзүн прокуратурада иштеген кызматкер катары тааныштырып, арыздануучудан 240 000 сом алып, кийин из жашырып кеткен.
Аталган Мадина аттуу аялдын үстүнөн Аламүдүн РИИБине 3 жарандан арыз түшкөн. Бул арыздын негизинде Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Чүй облусунун ИИББинин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү делип 43 жаштагы М.М. аттуу аял кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.