Чүй облусунда тоноочулукка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунда тоноочулукка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Токмок шаарынын 24 жаштагы М.И. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 29-май күнү саат 06:00 чамасында Токмок шаарынын кичи районунан белгисиз жаран күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана капчыгын тартып алып изин жашырып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 24 жаштагы Д.Ч. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан