Москва шаарындагы массалык мушташка катышкандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Буга чейин орусиялык басылмалар мигранттар ортосунда массалык мушташ чыгып, бири ооруканадан каза тапканын жазышкан. Мындан улам элчилик тиешелүү органдарга кат жөнөткөн. Анда мушташка катышкандардын арасында өлкөбүздүн жарандары жок экени аныкталган.
Айта кетсек, окуя 18-август күнү болгон. Анда Москва шаарындагы “Жилищник” мамлекеттик бюджеттик мекемесинде иштеген мигранттар ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Анын кесепетинен эки адам ооруканага түшүп, бири каза тапкан.