Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 24-августка караган түнү саат 00:10 чамасында Өрнөк айылында орун алган. Анда Audi 80 үлгүсүндөгү унаа менен Jeep Cherokee үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, натыйжада 1 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №31-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, Audi 80 унаасынын айдоочусун чыгарып, "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.