Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда мечиттен өрт чыкты

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Жер айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Достук көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу “Нышанбай ата” мечитинин 195 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, экинчи кабатындагы 4 терезеси, 3 эшиги, 20 даана жерге салынган палас күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан