Борбор калаада бейбаштыкка шектелип 17 жаштагы эки кыз кармалды

Борбор калаада бейбаштыкка шектелип 17 жаштагы эки кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 19 жаштагы К.М. кайрылган. Ал 23-августка караган түнү саат 02:00 чамасында борбордогу Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин жанынан мас абалдагы 2 кыз жана 1 жигит баннерди сындырып кетишкенин билдирген. Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.А., 17 жаштагы Л.А. жана Л.Я. кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан