Машыктыруучу Канатбек Бегалиев "2020-жылкы Олимпиадада медаль болот" деп убада берди

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында балбандардын көрсөткөн жыйынтыктары боюнча ой бөлүштү. Буга катар "Бээжин-2008" Олимпиадасында күмүш медаль уткан К.Бегалиев кийинки Олимпиадада балбандар медаль утат деген убада берди.

"Баарыңыздар билгендей, Арсен Эралиев 3-орун күрөшүп, утулуп калды. Албетте, биз муну финалда жеңилгендей эле кабыл алдык. Ал эми Жанарбек Кенжеев допинг чырына байланыштуу маселелер менен жүрүп жетиштүү даярдана албай калды. Ал эми Руслан Царев машыктыруучулардын көрсөтмөсүн килемде аткара алган жок. Ошол себептүү жеңилип калды. Мурат Рамонов жакшы күрөшүп, алдыга чыккан, бирок орус балбанына экинчи баскычта уттуруп жиберди. Эми ушуну менен эле кол куушуруп отуруп калбай, арканды алыс таштап, машыгууну улантабыз. Буюрса, кийинки Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн медаль болот деп ишендиргим келет", - дейт машыктыруучу.

Кошумчалай кетсек, "Рио-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 4 балбан күчүн сынады. Алардын ичинен Арсен Эралиев 5-орунду ээлесе, калган спортчулар алгачкы беттешинде жеңилүү менен байгеден куру калышкан.

Арсен Эралиев элден кечирим сурап, көзүнө жаш алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Syper.kelin4ek
2016-08-24 13:51:23
Буларга конул бурбай эле койгула спортчулар,булар суйлой беришет асманды.
+1
aseras
2016-08-24 14:18:36
Аллахым буйруса деп суйлобойбу"убада берем"-деп чон суйлоп албады бекен.Кудайдын айтканы болот го!Аракетинизге береке а так ))
+2
Sara07
2016-08-24 14:19:13
иии ,журогум эзилип кетти Арсен ыйласа ! Эл алдында жоопкерчиликти сезди да. Эми кийинки Токиого умут артабыз Арсен ! Бош келбе !
+10
Rasul_Rahmanaliev
2016-08-24 14:50:28
АЙсулуу БААТЫР! Айсулуу татыктуу курошту!
+7
KYRGYZJERI
2016-08-25 04:46:14
Rasul_Rahmanaliev,
Туура айтасын!
Анча мынча эркектерге караганда Айсулуу кыйын экен
0
Izdeim_seni.
2016-08-24 15:41:42
Ишенбейм элди уят кылбай барбай эле койгулачы айланайынлар
-10
admin_portal
2016-08-24 15:44:40
Syper.kelin4ek, gordaya, bander, aijan, жеке билдирүүлөр, кайым айтышуулар купуяга!
-5
normalnyi..kyz
2016-08-24 15:47:25
Балбан болгону менен душасы чувствительный экенда Арсендин.Кайгырбачы сени коруп менда ыйладым сен жашсын созсуз ийгиликке жетесин.болду утулдум деп кала бербей мындан да катуу машыга бер максатына жетмейинче сенден умутубуз чон!
+6
admin_portal
2016-08-24 16:04:54
Syper.kelin4ek, жеке айтышууларга купуя кат бар! Эскертүүлөргө карабай кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн сизге 3 күн БАН!
-1
Uluk_Kalyev
2016-08-24 17:12:10
Арсен менен Айсулудан умут бар келеркисине башкасын билбейм бирок Арсенге абдан разы болсок болот намыс учун козуно жаш алды спортчуларды мазактабай еолдосонор
+2
Sharos3
2016-08-24 17:12:58
Айсулуу азамат сага ишенебиз
+1
Azamat_15
2016-08-24 17:38:09
Жардын брат
0
Riman.arn
2016-08-24 18:21:28
Ушул кыргыз элим бул жакта башка тема болуп жатса силер башка теманы талкуулайсынар эмне учун
0
incognito1
2016-08-24 18:43:54
Арсен ииий, ыйлабачы((. Сени коруп, мен ыйлап алдым. Молодец, колунан келишинче тырыштын. Башынды жерге салба, алдыга жакшы максат кой, аракет кыл, буйруса алтын медаль аласын, мен ишенем. А Айсулуу 5:0 менен биринчи период аяктап, озуно аябай ишенип алып, индианканын бутуна кире калып женишин алдырып ийди, 30 секунд калганда, эптеп убакытты созуп турса болот элего дейм, рисковать этпей. Излишняя самоуверенность иногда приводит к разрушительным последствиям. Арсенге эле обидно мага(
0
Aldyiar
2016-08-24 20:01:05
Алдай бергиле жакшы мен силерге да ишенемин. Президент алдайт эле, эми силер эле калдынар элди алдабаган хахахаа.
-3
zhusaliev89
2016-08-24 20:25:20
Курошконунорду кордукго эптеп септеп куроштунор,Айсулуу молодец чын журоктон курошту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан