"Дордойдун" футболчулары чечүүчү беттешти утуп, эл аралык мелдештин кийинки баскычына чыгышты (фоторепортаж)

"Дордой" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда өз тайпасында 1-орунду ээледи. Муну менен бишкектик команда мелдештин финалдык баскычына жолдомо алды.

Чечүүчү беттешти "дордойчулар" Макаонун "Бенфика" командасына каршы өткөрүштү. Атаандаштар эсепти ачышканы менен, жеңиш талаа ээлери тарапта болду.

Атаандаштардын курамынан Хосе Филипе айырмаланды. Көп өтпөй Давид Тетте эсепти теңеп, күйөрмандар менен катар оюнчуларга дем берди. Алгачкы тайм 1:1 эсебинде аяктады. Атаандаш тең чыгууну сактап калуу аракетин жакшы эле көрүп, убакыт чойгонго да аракет кылды. Бирок алардын үмүтүнө суу бүрккөн гол 78-мүнөттө киргизилди. Мирбек Акматалиев айып соккусун голго айлантып, командасын АФК Кубогу-2017 мелдешинин финалдык баскычына алып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sara07
2016-08-24 14:06:30
Ушунунардан жазбагыла ! Азаматтар !
+2
Khabib
2016-08-24 14:15:49
дордой жакшы ойногула алдыка ийгилик афкнын кубогун алып келгиле
+1
kgalik
2016-08-24 16:23:30
эн жакшы жанылык экен
+1
maks13
2016-08-24 21:29:57
Финалда женсе Афкга качышабы.Ким менее ойнойт
0
Turdakun85
2016-08-25 00:16:42
Азаматсыңар жигиттер алга эми АФК анын кубогун утуп келгиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан