Кечээ, 23-августта Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында ачык асман алдында классикалык музыка боюнча "TENGRI music" Эл аралык фестивалы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Фестивалга классикалык музыканын сүйүүчүлөрү жана баалоочуларынан тышкары дүйнөлүк классиканын аткаруучуларын алгачкы жолу уккандар да келишкени маалым болду.
"Коноктор үчүн скрипкасы менен Эмилио Перцан, бийик үндүү ырчылар Саян Исин, Гэрри Дэвислим, ичке үндүн ээлери Жамиля Раимбекова, Заира Раимбекова, Мишель Баррон, фортепианодо ойношкон Виктория Юртаева менен Гүлшан Конушева, жоон үндүү Таир Бейшеев, дирижёр Медет Осмонов, "Манас" президенттик камералык оркестри жана башкы дирижёр, КРнын Эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын чоң симфониялык оркестри жана көркөм жетекчи, КРнын Эл артисти Муратбек Бегалиев катышты", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын башкы максаты - мамлекеттин, шаардын, коомчулуктун өнүгүшүнүн башкы компоненти болгон классика музыкасын жайылтуу.
"Бардык катышуучулар жана уюштуруучулар адамды шыктандырган, ой жүгүртүүсүн позитивдүү жакка бурган музыка жаңырган мындай иш-чаралар жыл сайын жана жылдан-жылга жогорку деңгээлде өткөрүлүп турарына үмүттөнүшөт", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, бул фестиваль өлкөдө экинчи ирет уюштурулду. Буга чейин былтыр сентябрь айында өткөрүлгөн.