II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган "Көчмөндөр ааламы" фольклордук фестивалынын программасы бекитилди

4-7-сентябрда Кырчын жайлоосунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалынын программасы бекитилди. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы бүгүн, 24-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдын расмий ачылыш аземи 4-сентябрда саат 15:00дө болот.

“Кыргыз айылы” аталышындагы боз үйлөр шаарчасы бул күнү бардык каалоочуларды өзүнүн эшигин ачып, жылуу жана жагымдуу маанай менен акысыз кабыл алууга даяр. Ар кандай сынактар өткөрүлөт, алардын арасында төкмө акындардын, манасчылардын, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн усталарынын да мелдештери бар.

“Хан ордо” этношаарчанын борбордук аянтчасы болмокчу, анда көрктүү фольклордук фестиваль уюштурулат.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы өтө жыш жана ар тараптуу болмокчу. Фольклордук, музыкалык жана бий топторунун, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын сахнадагы өнөрүн, Кытайдын маданият кербенин, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрүүгө болот. Этношаарчанын коноктору үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан келген артисттердин концерти жана Бишкек, Ош шаарларынан, өлкөнүн бардык облустарынан келген маданий делегациялардын театрлаштырылган көрсөтүүсү коюлат", - деп билдиришти катчылыктан.

Ошондой эле өлкөбүздөгү облустардын өкүлдөрү тез убакыттын ичинде боз үй тигүү боюнча мелдешке чыгышат.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы:

2016-жылдын 4-сентябры

15:00-15:30 – Талас облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү
16:00-17:30 – Баткен облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү
18:00-19:00 – Кыргыз кол өнөрчүлүгү

2016-жылдын 5-сентябры

10:00-11:30 – Чүй облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү
11:00-13:00 – Улуттук кийимдер сынагы
12:00-13:30 – Бишкек шаарынын театрлаштырылган көрсөтүүсү
14:30-16:00 – Ош облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү
15:00-18:00 – Төкмө акындардын сынагы
16:30-18:00 – Нарын облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү

2016-жылдын 6-сентябры

10:00-11:30 – Ош шаарынын театрлаштырылган көрсөтүүсү
11:00-13:00 – Боз үйлөр боюнча сынак, тез убакыттын ичинде боз үй тигүү сынагы, улуттук кийимдер сынагы
12:00-13:30 – Жалал-Абад облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү
15:00-16:30 – Ысык-Көл облусунун театрлаштырылган көрсөтүүсү
17:00-18:00 – Ат оюндары, салбуурун
17:00-18:30 – Сахнада "Ала-Тоо айымдары"

2016-жылдын 7-сентябры

10:00-13:00 – Фольклордук топтор өнөрлөрүн тартуулашат. Сынактардын жыйынтыгы чыгарылат, акчалай байге жана дипломдор берилет.
14:00-16:00 – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жыйынтыктоочу концерти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан